Жаңылыктар
Баткен районунда 8 социалдык объект пайдаланууга берүү алдында турат
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен районунда 8 социалдык объект пайдаланууга берүү алдында турат

Баткен районунда 8 социалдык объект пайдаланууга берүү алдында турат. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Ак-Сай айылындагы 275 орундуу Б.Ходжаев атындагы орто мектеби, Ак-Сай айылындагы 75 орундуу «Эделвейс» балдар бакчасы, Көк-Таш айылындагы 50 орундуу «Учкун» балдар бакчасы, Көк-Таш айылындагы 120 орундуу башталгыч мектеп, Достук айылындагы 100 орундуу орто мектеп, Достук айылындагы 50 орундуу "Бөбөктай" балдар бакчасы, Достук айылындагы ФАП, Бассейн жакында пайдаланууга берилет. 

Бул обьекттер Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, АРИС уюму тарабынан курулду. Жогоруда объектилердин курулушу дээрлик аяктады. Баары керектүү жабдуулар жана эмеректер менен жабдылууда. Мындан сырткары, жыл башынан бери 7 обьект курулуп пайдаланууга берилди.