Жаңылыктар
Сариев: "Элдин кызыкчылыгына дал келген эрежени иштеп чыгуу зарыл"
Экономика
Сариев: "Элдин кызыкчылыгына дал келген эрежени иштеп чыгуу зарыл"

“Биринчи радионун” “Күндүн темасы” уктуруусунда Кыргыз Республикасынын премьер-министри Темир Сариев эл менен түз эфирде жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн өз ооздорунан угуп, калктын социалдык-экономикалык турмушундагы олуттуу окуялар боюнча суроолорго жооп берди. Уктуруунун алкагында Темир Сариев, ушул жылдын 30-январында Москва шаарындагы тигүү цехинде өрт чыгып, андан жабыр тарткандар туурасында маалымат берди.

-Окуя болгон жерде Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүм кызматкерлери иш алып барууда. Өрт кырсыгынан 12 адам каза тапты. Анын ичинде Кыргызстандын 8 жараны бар. Алардын бири жашы жете элек наристе. Көз жумгандардын бардыгы Баткен облусунун тургундары. Каза тапкандардын арасында Орусиянын жарандыгын алган кыргыз улутундагы 2 адам бар. Алар кыргыз болгондуктан, тууган деп эсептеп жардам беребиз. Учурда атайын тапшырманын негизинде тиешелүү мамлекеттик органдар иш алып барып барууда. Каза болгон жарандардын сөөгүн мекенине алып келүү жана башка тийиштүү жардамдарды көрсөтөт.  

Уктуруунун жүрүшүндө премьер-министр коомчулукта кызуу талкууланып жаткан бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган жарандарга социалдык төлөмдөр боюнча мыйзам долбоор, авто унаа жана турак-жайды милдеттүү камсыздандыруунун айланасындагы маселелерге токтолду. Анын айтуусунда, 2013-жылы Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети Өкмөткө аталган маселени тактап, аныктоо боюнча тапшырма берген. Анын негизинде Өкмөттө атайын мекемелер аралык комиссия түзүлүп, иштей баштаган.

Премьер-министр бул мыйзам долбоор алыскы аймактардагы жарандардын социалдык жеңилдиктерден ажыратуу эмес, бул жааттагы айрым тактоолорду киргизүү менен иретке салуу максатын көздөрүн билдирди.

-Мыйзамдын негизги максаты чыныгы кыйын шарттагы жашаган адамдар жеңилдик алышы керек. Кылдат карап чыгып, баары менен макулдашып, элдин кызыкчылыгына төп келген эрежени иштеп чыгышыбыз зарыл. Өкмөттүн кыймыл аракети ачыктын айкындык жана тартиптин негизинде иш алып баруусу, Премьер-министр катары менин негизги талабым. Эч ким өз кызыкчылыгын жактаган жок. Ошол эле Суусамыр, Ат-Башы районундагы айылдар бийик тоолуу аймактар катары жеңилдиктерден ажыратылбайт.                                                                                                      

“Кырсык – тили жок жоо” деп бекеринен айтылбайт. Анткени кырсык ар кимибизге сурабай келет. Андай учурда камсыздандырылган үйдүн ээси турак-жайын кайра калыбына келтирүүгө толук жарап берчү акча каражатын ала алат. Эгерде үй кырсыкка учураса, анда мамлекет тараптан айыл жергесиндегилерге 500 миң сом, ал эми шаардагы турак-жайга 1 млн сом төлөнүүсү каралган. Камсыздандырууга төлөнчү акчанын суммасы анчалык оор эмес. Айыл жергесиндегилер айына 50 сом, ал эми жылына 600 сом төлөсө, шаардагы жылдык камсыздандыруу взносунун суммасы 1200 сомду түзөт.

Уктуруунун соңунда премьер-министр Темир, тийиштүү министрликтер камсыздандыруунун маңызы тууралуу элге түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү жүргүзүүсү зарылдыгын белгиледи. Ал эми өлкөбүздүн жарандарын дүйнөдө ийгиликтүү тажрыйбаланып келе жаткан турак-жайды камсыздандырууга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.

Таалайгүл Чабдарова “Биринчи радио”