Жаңылыктар
Парламент жаңы өкмөттүн курамы менен программасын колдоду
Саясат
Парламент жаңы өкмөттүн курамы менен программасын колдоду

Аткаруу бийлигине эл өкүлдөрү тарабынан бир катар сунуштар да айтылды. Министрлер кабинетинин программасына эксперттер да түрлдүү көз-карашта. 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште эл өкүлдөрүнө өкмөттүн программасы мурдагы программанын уландысы экенин, ошондой эле алдыга жаңы максаттар да коюлуп жатканын айтты. Алардын катарында министрлер кабинетин Евразия Экономикалык Биримдигинин мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык жаңылоо, чыгымдарды азайтуу, коррупцияга каршы аракеттерди ар кандай жолдор менен жандантуу жана башка пландар бар. Программа жалпысынан депутаттардын колдоосуна ээ болгону менен, сын-пикирлерин айткандар да бар. Коалициялык көпчүлүккө жаңы кошулган “Бир бол” фракциясынын мүчөсү Акылбек Жапаров өз партиясынын шайлоо алдындагы программасын өкмөт эске албаганын айтууда.

Салык саясатын өзгөртүү да аткаруу бийлигинин программасында камтылды. Салык кодексинин жаңы редакциясы коомчулуктун талкуусуна коюлганы турат. Өкмөт башчы бизнес чөйрөнүн өкүлдөрүн ага активдүү катышууга чакырды. Премьер-министр мамлекеттик бюджеттин жоготууларынын жалпы суммасы берилген жеңилдиктер боюнча 20 миллиард сомду, же Ички дүң продукциянын 5 пайызын түзөөрүн белгилейт Бирок, ага карабай жеңилдик берүү маселеси дагы деле көтөрүлүүдө. “Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Алмазбек Батырбеков экспортко чыгып жаткан товарлар үчүн салыктарды жумшартуу зарылчылыгын белгилейт.

Өкмөттүн программасы парламентте гана талкууланбастан, коомчулуктун да назарын бурууда. Эксперттер түрдүү баа берип жатышат. Маселен, Ишкерлер жана өндүрүшчүлөр бирлигинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев жалпы багыт туура болгону менен аткарыла турган иштер кеңири көрсөтүлбөгөнүн айтууда. Ошондой эле өндүрүшчүлөрдүн пикири суралбаганын сындатй

Экономика илимдеринин доктору, профессор Жумакадыр Акенеев кандай гана программа түзүлгөнү менен өкмөттү улуттук валютаны коргоп, кышка жакшылап камылга көрүү милдети өзгөчө күтүп турганын айтат. Ошондой эле 11-декабрда өтө турган баш мыйзамды өзгөртүүгө байланыштуу рефререндум менен жергиликтүү кеңештерге шайлоону уюштуруу да аткаруу бийлигинин негизги озуйпасы деп эсептейт. Ал эми стратегиялык, узак мөөнөттү камтыган маанилүү иш-чараларды бул өкмөт аткарууга үлгүрбөйт деген пикирде. 

Анын баамында зарыл болгон административдик реформаны ишке ашыруу кийинки өкмөттүн мойнуна жүктөлүшү мүмкүн.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"