Жаңылыктар
Баткен шаары барган сайын жакшырууда
Аймак
Баткен шаары барган сайын жакшырууда

Баткен шаарынын ички көчөлөрүндө белгиленген кызыл сызыктан чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштар бузулуп, жолдор кеңейтилүүдө

Учурда шаардагы 3 көчөдө жолдор кеңейтилип жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуар, суу арыктары үчүн түтүктөрү орнотулууда. Курулуштун жалпы сметалык баасы 10 миллион сомдон ашты. Каржы булагы мамлекеттик түрткү берүүчү гранттын эсебинен каржыланды.