Жаңылыктар
Кыргызстандын ички дүң продукциясы 4,2% өстү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын ички дүң продукциясы 4,2% өстү

Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында Кыргызстандын ички дүң продукциясы алдын ала баалоо боюнча 808 миллиард сомдон ашып, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,2 пайызга көбөйдү. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.

“ИДПнын өсүшү товар өндүрүү, кызмат көрсөтүү жана азык-түлүккө болгон салыктардын эсебинен болду”, — деп жазды ведомство. Өткөн жылдын тогуз айына караганда быйыл өсүү темпи азык-түлүк салыгында 5,5 пайыз, кызмат көрсөтүүлөрдө 5,1 жана товар өндүрүү тармагында 2,4 пайызга көбөйгөн. Экономиканын өсүшү курулушта 13,7, кызмат көрсөтүүдө 5,1, өнөр жай — 0,4; болду. Айыл чарба тармагында өсүү болгон эмес.