Жаңылыктар
Улуттук банк: telegram-каналдар аркылуу акча алмаштырбагыла
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук банк: telegram-каналдар аркылуу акча алмаштырбагыла

Улуттук банк элди Telegram-каналдар аркылуу акча алмаштырбоого чакырды

Бул туурасында анын маалымат кызматы билдирүү таратты. Финансылык жөнгө салган тарап азыр ар кыл мессенжерлер, анын ичинде Telegram-каналдар менен ар кандай атка жашынган жеке адамдар жана башка жактар курс менен көлөмүн көрсөтүп, нак чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу боюнча маалыматтарды жарыялап жатканын белгиледи. Улуттук банк мындай нерселер мыйзамсыз экендигин айтты. Бул иштери үчүн жеке жактар 17,5 миң, ал эми юридикалык тарап 55 миң сомдук айыпка жыгыларын эскертти. Лицензиясыз ишти системалуу түрдө жүргүзгөндүгү үчүн Кыргызстандын мыйзамдарында кылмыш жоопкерчилиги каралганын кошумчалады. Улуттук банк Telegram-тайпалардын мүчөлөрү кылмыштуу жактардын өкүлдөрү болушу ыктымалдыгын айтты. Жабдылбаган жайларда жеке жактар менен акча алмашуу жарандардын ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч жаратышы, ошондой эле тоноп, алдап кетүү сыяктуу кесепеттерге алып келиши мүмкүндүгүн эскертти.