Жаңылыктар
Өлкөдө 160 миңдей адам көз ооруларынан жабыркайт
Ден соолук
Өлкөдө 160 миңдей адам көз ооруларынан жабыркайт

Өлкөдө 160 миңдей адам көз ооруларынан жабыркайт

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, алардын 36 907си балдар. Мекемеден белгилегендей, бул 2022-жылга карата жасалган статистика. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө 2 миллиарддан ашык адам көрүүсү начарлыгынан жабыркайт. Министрлик өз убагында дарыгерге кайрылуу — сокурдуктун жана көздүн патологиясын алдын алуунун маанилүү жолу экенин эскертти. Ден соолук сакчылары көздүн көрүүсүн сактоонун жөнөкөй жолдорун сунушташты. Алар, экранда иштеп жатканда көздүн чыңалуусу менен баш оорунун алдын алуу үчүн "20-20-202" эрежесин колдонуңуз. 20 мүнөт иштеген соң 6 сантиметр аралыктан кичинекей объектини 20 секунддай карап туруу сунушталат. Сыртка чыкканда күндөн коргоочу көз айнек, шляпа кийүү сунушталат. Бул көзгө зыян тийгизе турган ультрафиолет нурларынын терс таасирин азайтат. Көздү маал-маалы менен текшертип туруу зарыл. Ширетүү иштеринде же химиялык заттар менен иштөөдө, чамындылар чыккан жумуштарда коргоочу көз айнектерди тагынуу кажет.

Чылым чегүүнү таштоо керек - дешет адистер.