Жаңылыктар
Кыргызстан жана Азербайжан инвестициялык келишимге кол койду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан  жана Азербайжан инвестициялык келишимге кол койду

Бишкекте КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын алкагында Каныбек Туманбаев жетектеген Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана Рамин Гулузаде жетктеген Азербайжан мамлекетинин Иш башкармасын ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлду.

 Биргелешкен инвестициялык долбоордун максаты - Ысык-Көлдүн жээгинде, заманбап стандарттар жана коопсуздук нормаларына толук жооп береген, туристтерди жогорку денгээлдеги кызмат менен жана ыңгайлуу шарттар менен камсыз кыла турган, беш жылдыздуу мейманкананы куруу жана эксплуатациялоо. Министрлер Кабинети Ысык-Көл районунун, Кара-Ой айылынын аймагынан 49 жылдык мөөнөткө, убактылуу пайдаланууга жалпы аянты 17,24 га жер участогун берет, анын ичинен 12,32 га жерге мейманкана куруу пландалса, 4,92 га тилкеге сейил бак жайгашат. Өз кезегинде Азербайжан тарап киреше салыгын, мүлк салыгын, жер салыгын, импортко кошумча нарк салыгын, объектти куруу мезгилинде жана ишке киргизгенден кийин сатуудан түшкөн салыкты төлөп, өлкөбүздүн казынасын толуктоого өбөлгө болот. Бул долбоор Азербайжан Республикасынан инвестиция тартуу менен катар, кыргызстандыктар үчүн жаңы жумуш орундарын түзүүгө, курулуш тармагын өнүктүрүүгө жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө шарт түзөт.