Жаңылыктар
Чек арадан товар ташып өтүүнүн түйшүгү жеңилдеди
Экономика
Чек арадан товар ташып өтүүнүн түйшүгү жеңилдеди

Кыргызстандын чек арасы аркылуу унаа каражаттары менен товарларды ташып келүүдө жана ташып чыгарууда толтурулуучу мамлекеттик көзөмөлдөн өткөндүгүн тастыктаган талон алынып салынды. Анын ордуна мындан ары коштомо кагаз алып жүрүү жетиштүү. Бул тууралу кыргыз өкмөтүнүн токтому 2016-жылдын 26-октябрынан баштап күчүнө кирди.

Жаңы документти колдонуунун талонго салыштырмалуу бир катар артыкчылыктары бар. Алсак импортчулар үчүн товарлардын эсебин алуунун киргизилип жаткан жаңы механизиминин ыңгайлуулугу коштомо кагаздын бланкы уюмдун бланкында кайсыл жерде болбосун алдын ала таризделгенинде. 

Башкача айтканда талонду толтургандай болуп бир гана контролдук өткөрүү пунктунда толтуруу милдет эмес. Документти атайын барып бир жерден сатып алуу талап кылынбайт. Бул чек арадан  өтүп жаткан жүк ташуучуларга кыйла женилдик жаратат. 

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"