Жаңылыктар
Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Абу-Дабиге келди
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Абу-Дабиге келди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Абу-Даби шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) келди.

Жумуш сапарынын алкагында МинКаб Төрагасы  Соода жана өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун конференциясы (ЮНКТАД) тарабынан уюштурулган Дүйнөлүк инвестициялык форумдун 8-сессиясына катышат.

Акылбек Жапаров ошондой эле Бириккен Араб Эмираттарынын жогорку даражалуу кызмат адамдары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт, Абу-Дабидеги мамлекеттик корпорациялардын жана алдыңкы компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары арттыруу маселелери талкууланат.

Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын Вице-президенти, Премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу Мохаммед ибн Рашид Аль Мактумдун жеке чакыруусу менен Абу-Дабиге келди.