Жаңылыктар
Борбор калаадагы №61 мектептин чыры чечилеби?
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаадагы №61 мектептин чыры чечилеби?

Вице-премьердин милдетин аткаруучу Жеңиш Разаков №61 мектепте жабыр тарткан окуучунун энеси Элмира Исаева менен жолукту.

Разаков Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгы тарабынан атайын комиссия түзүлгөнүн жана учурда окуя боюнча иликтөө иши жүрүп жатканын баса белгиледи. 

"№61 мектепте орун алган чатак мыйзам алкагында каралып, тийиштүү чаралар көрүлөт", — деди Разаков. 

Эске сала кетсек, №61-мектептин окуучусу Ырыскелди Осмоновдун катышуусундагы чатакка байланыштуу окуяны Коомдук биринчи каналдын “Ала-Тоо” программасынын кабарчылары атайын материал даярдап берген.