Жаңылыктар
Ми-8 үлгүсүндөгү тик учак алып келинип, Бишкекке конду
Кыргызстан жаңылыктары
Ми-8 үлгүсүндөгү тик учак алып келинип, Бишкекке конду

Президент Садыр Жапаров менен Путиндин сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында Ми-8 үлгүсүндөгү тик учак алып келинип, Бишкекке конду. Бул тууралуу Президенттик Администрациядан билдиришти. Тик учак Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына өткөрүлдү. 

Анда жарандарды эвакуациялоо же куткаруу үчүн бардык керектүү жабдуулар бар. Белгилей кетсек, өзгөчө кырдаалдар тармагындагы техникалар жаңыланууда.