Жаңылыктар
Ноябрда Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Ноябрда Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев Өзбекстандын маданият министринин биринчи орун басары Баходир Ахмедов менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушууда 2023-жылдын 9-11-ноябрь Кыргызстандын Өзбекстанда маданият күндөрүн өткөрүү, анын алкагында өтө турган иш-чараларды жана ага көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Жолугушууда ошондой эле маданият жана жаштар саясаты тармагындагы иш-чараларды алдыга жылдыруу боюнча эки тараптуу пикирлер айтылды.

Жолугушуу 2023-жылдын 14-октябрында Азербайджандын Шуша шаарында өткөн ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө түрк тилдүү мамлекеттердин кезектеги XL маданият министрлеринин Туруктуу кеңешмесинин алкагында өттү.