Жаңылыктар
Бишкекке кезектеги жаңы 58 автобус келди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекке кезектеги жаңы 58 автобус келди

"Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасынын автопаркы заманбап жана ыңгайлуу автобустар менен толукталууда.

Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн келишимдин негизинде Кытайдын "Golden Dragon" заводунан кезектеги 58 жаңы автобус келди. Автобус 85 адамды ташууга ылайыкталган, анда 29 орундук жайгаштырылып, 2 орун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн каралган.

Жаңы ыңгайлуу автобустар аз мобилдүү жарандар үчүн да, калган бардык жүргүнчүлөр үчүн да ыңгайлуу жүрүүнү камсыздайт. Автобустардын салондорунда видеобайкоо системасы орнотулган, бул сапар учурунда коопсуздук деңгээлин жогорулатат.

Мындан тышкары, жаңы автобустар контактсыз акы төлөө үчүн валидаторлор менен жабдылган, бул төлөм процессин жеңилдетет жана жүргүнчүлөрдүн убактысын үнөмдөйт.

Урматтуу шаар тургундары! Сиздер айдоочуга берген акча каражаты шаардык бюджетке түшпөй калат. Ошон үчүн жол кире акысын накталай эмес төлөм аркылуу жүргүзүүнү суранабыз.

Эске сала кетсек накталай эмес төлөмдөрдү төмөнкү жолдор менен төлөөгө болот.

Үч категориядагы Тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);

- Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;

- Виртуалдуу NFC картасы;

- Тулпар жана Balance, Mbank, Megapay ж.б тиркемелер менен QR сканерлөө;

- Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.