Жаңылыктар
Суунун тартыштыгынан быйыл түшүм аз
Кыргызстан жаңылыктары
Суунун тартыштыгынан быйыл түшүм аз

Быйыл Кыргызстанда дан эгиндеринин түшүмү төмөн болду. Айыл чарба министрлиги мунун негизги себебин суу тартыштыгына байланыштырды. Маселен буудайдын орточо түшүмү гектарынан былтыр дээрлик 27 центнерден алынса, быйыл ал 20 центнерге да жеткен жок. Адистер дыйкан чарбаларын буудайды өз учурунда сугарууга жана үрөндүн сапатына маани берүүгө үндөп келишет.