Ош шаарында 2025-жылга чейин 800дөй жаранды турак жай менен камсыз кылуу пландалган. Бул үчүн калаанын муниципалдык ипотекалык компаниясы 15 үй курат. Шаар тургундарын турак жай менен камсыздоо максатында мэрия тарабынан “Үлүштүк курулуш” долбоорунун алкагында 8-көп кабатуу үйдүн пайдубалы түптөлдү.