Жаңылыктар
Бакиевдердин дагы бир мүлкү мамлекеттин менчигине өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бакиевдердин дагы бир мүлкү мамлекеттин менчигине өттү

Бакиевдердин дагы бир мүлкү мамлекеттин балансына өттү. 

Жалал-Абад шаарындагы “Строймаркет” аталышындагы соода жайы калаанын менчигине өттү.

Кечээ Жалал-Абад шаардык кеңешинин жыйынында соода үйүн мамлекеттин менчигине өткөрүү токтому кабыл алынган. 

Жалал-Абад шаардык мэрия билдиргендей, калаа жетекчилиги буга чейин соода үйүн муниципалдык менчикке өткөрүү өтүнүчү менен өкмөткө кайрылган. Эми соода үйүнөн түшкөн каражат Жалал-Абад шаарынын бюджетин толуктайт.