Жаңылыктар
Ленин райондук сотунун судьясы кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Ленин райондук сотунун судьясы кармалды

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды. Атайын кызматтын маалыматына караганда, ал каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн 2000 АКШ доллар өлчөмүндө пара талап кылуу жана алуу учурунда кармалды. Ошондой эле ортомчу катары иш алып барышкан судьянын консультанты жана судьянын жакын досу дагы да кармалды. 

Бул кылмыш иши боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө сот банктык которуулар аркылуу опузалап талап кылуу жана ири өлчөмдөгү пара катары акча каражатын алуу боюнча бир катар фактылары аныкталды, айыпталган адамдардан которулган акча каражаттарынын алып туруучу болуп судьянын тууганы жана анын эжеси катышкандыгы такталды. 

Тергөө иштеринин алкагында судьянын тууганы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 1-тергөө абагына камака алынды. Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Ленин райондук сотунун судьясы Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.