Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Ребека Гринспан менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
 Акылбек Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Ребека Гринспан менен жолугушту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы -Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров сегизинчи бүткүл дүйнөлүк инвестициялык форумдун алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын Башкы катчысы Ребека Гринспан менен жолугушту. Анда эки тарапты кызыктырган бардык багыттар боюнча кеңири пикир алмашышты.

Тараптар экология жана жашыл экономика маселесине өзгөчө көңүл бурушту. Кыргыз тарап өлкөнүн тышкы карызын “жашыл” демилгелерге алмаштыруунун методологиясын иштеп чыгууга колдоо көрсөтүүнү сунуштады. Өз кезегинде Ребека Гринспан демилгелерди, анын ичинде жолугушуунун жүрүшүндө айтылган сунуштарды колдоого даяр экенин билдирди. Жолугушуунун соңунда инвестицияларды, сооданы колдоо жана эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо жаатында конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу талкууну улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.