Жаңылыктар
Салык кызматы лотереянын жеңүүчүлөрүнө iPhone 14 жана Dyson фенин бере баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Салык кызматы лотереянын жеңүүчүлөрүнө iPhone 14 жана Dyson фенин бере баштады

Мамлекеттик салык кызматы 26-июндан 1-июлга чейин өткөрүлгөн "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын 1-этабынын жеңүүчүлөрүнө байгелерин тапшырууну улантууда.Жеңүүчүлөрдүн саны көп (1132 адам) болгондуктан, байгелер этап-этабы менен тапшырылууда.

Алгач ноутбуктун, андан кийин смартфондун жеңүүчүлөрү өз байгелерин алышты.

Учурда iPhone14 утуп алган 479 бактылуу адам жана Dyson маркасындагы фендин 19 ээси өз байгелерин ала башташты. Акыркы этапта – чет өлкөгө 3 жолдомо жана 9 электромобиль тапшырылмакчы.

Салык кызматы байгелерди план менен тапшырууда жана жеңүүчүлөрдүн бири да байгесиз калбайт. Алардын ар бири менен салык кызматкерлери байгени тапшыруу күнүн жана убактысын тактоо үчүн байланышууда.

Утуштун кийинки этабы 25-30-декабрда өтөт. Бул күндөрү Бишкектен 10 батирдин, 11 электромобилдин, чет өлкөгө 4 жолдомонун, 521 iPhone 14, 519 смартфондун, 158 ноутбуктун жана 21 Dyson фендин ээлери белгилүү болот.

Лотереяга катышуу шарттары жөнөкөй. Болгону "Салык чек" тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү жетиштүү, андан кийин тиркеменин жардамы менен товарларды же кызматтарды сатып алуудан алган кассалык чектерди сканерлөө зарыл.

Өлкөнүн башкы лотереясынын кийинки жеңүүчүсү болуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!