Жаңылыктар
Шаардык кеңешке талапкерлердин үгүт иштери баштады
Саясат
Шаардык кеңешке талапкерлердин үгүт иштери баштады

Шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлер бүгүнтөн тарта үгүт иштерин баштады. 11-декабрга чейин саясий партиялар өз программасы менен шайлоочуларды кеңири тааныштырууга мүмкүнчүлүк алышат.

Шаардык кеңештерге шайлоо 22 шаарда болот. Булардын ичинен Кемин шаарында шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтүүдө. Жалпысынан шаар кеңештериндеги 3 685 депутаттык орунга 7 191 талапкер ат салышат.

Ал эми айылдык кеңештердин талапкерлери 21-ноябрдан баштап үгүт иштерин жүргүзө алат. Бардык талапкерлер үчүн үгүт иштерин жүргүзүү добуш берүүгө бир сутка калганда, тагыраак айтканда- 10-декабрь күнү, саат 8:00дө токтотулат. 

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-декабрда, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча жалпы элдик Референдум менен чогуу болот. Бул күнү жалпы өлкө боюнча 2 365 добуш берүү участогу ачылат.

Өлкөдөн тышкары 35 добуш берүү участоктору иштейт. Ал эми башка жакта катталып, борбор калаада жашагандар үчүн да 32 кошумча шайлоо участоктору ачылат.