Жаңылыктар
Кыргыз радиосу - кыргыз маданиятынын булагы
Маданият
Кыргыз радиосу - кыргыз маданиятынын булагы

Бүгүн, “Кыргыз радиосунда” “Тарых жана маданият” күнүнүн расмий ачылышы белгиленди. Өзүнүздөргө белгилүү болгондой, быйыл 2016-жыл КР Президентинин Жарлыгына ылайык “Тарых жана маданият”  жылы деп белгиленген. Ал эми КТРКнын “Кыргыз радиосу” маданий, адабий жана музыкалык багытта иш алып баргандыктан, бул жылга өзгөчө маани берери талашсыз.  

“Кыргыз радиосунун” жыл аралыгындагы уктуруулары, жаңы долбоорлору “Тарых жана маданият” жылына арнала тургандыктан, бүгүнкү расмий ачылыштын түз уктурууларына Президенттин аппаратынын Этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орунбасары З.Эргешов, Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максутов, Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору С.Раев болушту. Мындан тышкары маданияттын баардык тармактарынан өкүлдөр келип, ой-пикирлерин калтырып кетишти. .

Белгилей кетсек,  быйыл дүйнөлүк руханий маданияттын белгилүү өкүлдөрүнүн бири Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы белгиленгени турат. Кыргыздардын тарыхый жана маданий өнүгүүсүнө зор салымын кошкон улуу философтун 1000 жылдыгы бир эле биздин жергебизде эмес түрк тилдүү баардык өлкөлөрдө белгиленет.

Мындан тышкары, Көчмөндөр оюндарын жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын татыктуу өткөрүү милдети турса, 1916-жылдагы кыргыз элинин оор азапты башынан өткөргөн “Үркүн” окуясына 100 жыл толгону турат.