Жаңылыктар
Бишкектеги эки жеке мектепте бомба изделүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги эки жеке мектепте бомба изделүүдө

Бишкекте бүгүн болжол менен саат 12лер чамасында «ERUDITE ISIT» жана «Газпром» жеке мектептеринде бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн.

“Кабар” агенттигине Октябрь райондук милициясынан билдиришкендей, жерине РИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу барып, мектеп милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынган.

Мектеп кызматкерлери жана окуучулар эвакуацияланды.

Учурда тиешелүү кызматтардын кызматкерлери жеринде иш алып барууда.