Жаңылыктар
Маданий жайды жаңылоо иштери качан аяктайт?
Кыргызстан жаңылыктары
Маданий жайды жаңылоо иштери качан аяктайт?

Мамкурулуштун берген маалыматына ылайык, акыркы 10 жылдын ичинде Бишкекте республикалык бюджеттин эсебинен ири маданий жайларды оңдоо же куруу иштери жүргүзүлгөн эмес. Быйыл Бишкектеги маанилүү архитектуралык элге кеңири таанымал объектилердин тизмесиндеги цирктин имараты мамлекет башчысынын тапшырмасы менен оңдолууда. 

Бишкектин чок ортосунда жайгашып, ордо калаанын уникалдуу архитектуралык шедеври болго кыргыз циркинде 4-5 жылдан бери жамаатта ырк кетип, имараты болсо араң жан абалга кептелген. Союзду дүңгүрөткөн кыргыз циркинин абалы улам оорлошуп, жыл сайын майда-чүйдө жерлери ремонттолгону менен, жабдуулары тээ советтик мезгилден калган бойдон турган.

Июль айында Президент Садыр Жапаров маданий жайга күтүүсүз барып, имаратын кайра жандантууга дарамети жетиштүү экенин белгилеп, манежден тарта жаныбарлар кармала турган жерге чейин бүт жаңыртуу керек деп тапшырма берген. Ошол күндөн тарта, 50 жылга чукул убакыттан бери каралбай келген цирктин имаратын толук бойдон оңдоо иштери башталган.