Жаңылыктар
Бишкекте эл аралык Жарандык коргонуу уюмунун Аткаруу кеңешинин 56-сессиясы өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте эл аралык Жарандык коргонуу уюмунун Аткаруу кеңешинин 56-сессиясы өтүүдө

Бишкекте эл аралык Жарандык коргонуу уюмунун Аткаруу кеңешинин 56-сессиясы өтүүдө. 25 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан талкууда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров адам өмурүнө коркунуч алып келген кырсыктардан коргонуу жана аларга карата мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан камкордуктар тууралуу айтып берди. Белгилей кетсек, Кыргызстан 2011-жылдан бери эл аралык Жарандык коргонуу уюмуна мүчө жана үчүнчү жолу уюмга төрагалык кылууда.

Эл аралык Жарандык коргонуу уюму Кыргызстандын аймагында Борбор Азия жана Азия өлкөлөрү үчүн аймактык кеңсесин ачууга кызыкдар. Эгерде бул демилге ишке ашса мамлекеттер ортосунда гуманитардык долбоорлорду жасоого, аймактарда өзгөчө кырдаалдар болгон учурда ыкчам жардам көрсөтүү үчүн эң сонун аянтча пайда болот.

Талкууда Казакстан, Мали, Монголия, Азербайжан, Алжир, Орусия, Иордания, Палестина, Египет, Сауд Арабия жана Бахрейнден келген өкүлдөр күтүүсүз кырсыктардан коргонуу жана андан жабыркагандарга убагында жардам көрсөтүү боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү. Уюм кырсыктан куткаруу гана эмес, түрдүү кырдаалдардын алдын алуу жана ага даяр болуу пландарын да жүзөгө ашырат.