Жаңылыктар
Нарын: Элдик жыйынга татыктуулар шайланат
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын: Элдик жыйынга татыктуулар шайланат

Элдик курултай эми элдик жыйын деген аталыш менен өтүүдө. Нарын шаарында Республикалык элдик жыйынга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын жыйындары өтүүдө. 180 делегаттын ичинен шайланган төрт адам республикалык жыйынга катышат.

Беш чөлкөмгө бөлүнгөн Нарын шаарында бүгүн жергиликтүү жамааттык жыйындын үчүнчү баскычы өттү. Борбордук чөлкөмдө өткөн жыйындын жүрүшүндө аксакалдардан, жарандык активисттерден, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнөн жыйынга 42 делегат ачык добуш берүү менен шайланды. Буга чейин РТС чөлкөмүнөн 33, ал эми Раззаков чөлкөмүнөн 36 делегат шайланган.

Жергиликтүү жарандар арасында делегат болууну каалагандардын саны арбын. Жыйында аймактагы маанилүү маселелер көтөрүлүүдө. Маселен, Раззаков чөлкөмүнөн шайланган делегаттар башкы көйгөй катары шаарга жакын жайгашкан таштанды төгүлгөн полигонду башка жерге которуу сунушун айтышты. Былтыркы жылы элдик курултайда айтылган көйгөйлөр акырындан чечилүүдө, - дейт шаардык кеңештин төрагасы. 

Биринчи өткөн элдик жыйында Нарын шаарынан шайланган делегат Эркин Эсеналиева курултайда республикалык деңгээлдеги маселелер көтөрүлүшү керек деген пикирде. Айтымында, былтыр көтөрүлгөн маселелердин баары чечилбесе да, көйгөйлүүлөрү жөнгө салынды.