Жаңылыктар
Көмүрдүн баасына үч айлык мөөнөткө убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизилди
Кыргызстан жаңылыктары
Көмүрдүн баасына үч айлык мөөнөткө убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизилди

Көмүрдүн баасына үч айлык мөөнөткө убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизилди. Мындай буйрукту Экономика жана коммерция министрлиги чыгарды. Анын аткарылышын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көзөмөлдөйт.

Эми көмүрдүн баасы мамлекеттик көзөмөлдө болот. Мындай буйрук 25-октябрдан тартып күчүнө кирет. Ага ылайык, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көмүр баасын коёт жана анын аткарылышын көзөмөлдөйт. Талап аткарылбаган учурда тиешелүү чара көрүлөт.

Мындай чара көмүрдүн кымбаттап кетүүсүн алдын алуу, калкка жеткиликтүү баада камсыз кылуу максатында көрүлүүдө. Мамлекеттик көзөмөл 3 айлык мөөнөткө белгиленди. Бул багытта өзгөчө Баткен жана Ош облустарында көзөмөлдү күчөтүү тапшырылган. Буга чейин өлкөдөн көмүрдү автожол менен сыртка экспорттоого жарым жылга убактылуу тыюу салынган. Мындай чектөөнүн “Эркечтам” жана “Торугарт” автомобилдик өткөрүү пункттарына жана “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын ишмердигине тиешеси жок экени айтылган.