Жаңылыктар
Маданият, искусство тармагын өнүктүрүү
Кыргызстан жаңылыктары
Маданият, искусство тармагын өнүктүрүү

Министрлер кабинетинин төрагасы - Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Маданият, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жетекчилиги жана ведомстволук мекемелери менен кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө Президенттин “Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүн мамлекеттик колдоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу маселеси талкууланды. 

Эскерте кетсек, мамлекет башчысынын тапшырмасы менен маданият, искусство жана спорт чөйрөсүнө 673 млн 515 миң бюджеттик каражат бөлүнгөн. Ал тарыхый-маданий мурастарды сактоого жана өнүктүрүүгө, профессионалдык искусствону өнүктүрүүгө, маданият тармагындагы уюмдардын кадрдык жана материалдык-техникалык базасын чыңдоого, ченемдик укуктук базаны жакшыртууга жумшалат, - деди Акылбек Жапаров. 

«Өткөн жылдын апрель айында маданият кызматкерлеринин маянасы 100%га көтөрүлсө, эмки жылы аларды кайра кароо пландалууда. Эң негизгиси - мамлекеттик колдоо, анын ичинде театр, искусство жана музыкалык билим берүү чөйрөсүндөгү кырдаалды өзгөртө алат. Бул багыттагы чечимдер ыкчам жана эң негизгиси эффективдүү кабыл алынышы керек”, - деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.