Мындан ары Кыргызстандагы бардык кендерди мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн өзүбүз иштетебиз. Муну Президент Садыр Жапаров «Кумтөрдүн» салтанаттуу иш-чарасында билдирди. Мына ошол өзүбүз иштете турган кендерден түшкөн киреше стратенгиялык долбоорлорго жана элдин керегине жумшалат, - деди мамлекет башчысы.
Муну менен катар кен байлыктарды иштетүүдө мамлекеттин үлүшүнүн болушун шарттаган укуктук-ченемдик актылар жана мыйзамдар кабыл алынганын кошумчалады. Ошондой эле “Кумтөр” боюняа талаш-тартыштардын тынчтык жол менен чечилиши Кыргызстандын эл аралык инвестициянын жагымдуулугуна оң таасирин тийгизди, - деп Президент баса белгиледи.