Жаңылыктар
Чет элдиктер милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү зарыл
Кыргызстан жаңылыктары
Чет элдиктер милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү зарыл

Кыргызстанга келген чет элдиктер 5 күн  ичинде милдеттүү түрдө каттоодон өтөт. Кабыл алынган мыйзамга ылайык, өлкөгө 4-ноябрда кирген чет элдиктер каттоодон бошотулат. 

Андан кийин келгендер каттоодон өтө алышпайт деп билдиришет мамлекеттик каттоо  кызматынын адситери. Бирок аталган эреженин 30 күнгө чейин каттоосуз жүрүү тууралуу келишимге кол коюлган Россиянын жарандарына тиешеси жок. Ушундай эле тартип жакында казакстандыктарга дагы тиешелүү болот дешет адистер. 

Деген менен бул эреже бүгүнкү күндө  коомчулуктун  кызуу талкуусун жаратып баштады. Айрымдары туризмге терс таасирин тийгизет дешсе, кээ бирлери  анын тууралыгын бекемдешет. 

Мыйзамды коштогондор 30 күн бою каттоого турбаган чет элдик жарандардын арасында мамлекеттин коопсуздугуна шек келтире тургандары дагы болушу ыктымал деп айтылгандарын ырасташат. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"