Жаңылыктар
Бишкекте “Кумтөр” алтын кенин иштетүүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте “Кумтөр” алтын кенин иштетүүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда, “Кумтөр” ири алтын кенин иштетүүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Иш-чара “Кумтөр” кени чыккан жердин калыптануу жана өнүгүү тарыхын камтыган тасманы көрсөтүү менен башталды.

Сөз сүйлөп жатып, Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жана “Кумтөр Голд Компаниясы” ЖАК жамаатын “Кумтөр” алтын кенинин ишке киргенинин 30 жылдыгы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө компаниянын өлкө экономикасына кошкон олуттуу салымын жана маанисин белгиледи.

“Кумтөр” кыргыз экономикасына жаңы дем гана бербестен, Кумтөр долбоору боюнча талаш-тартыштардын тынчтык жолу менен чечилиши Кыргызстандын эл аралык инвестициялар үчүн жагымдуулугуна да оң таасирин тийгизди. Буга акыркы жылдары тартылган инвестициялардын көлөмүн, эл аралык каржы өнөктөштөрүбүздүн бизге берген оң баасын мисал кыла алабыз. Демек, бул - мамлекетибиз түз жолдо, туура нукта бара жаткандыгынын дагы бир далили”, - деди Садыр Жапаров.

Ал "Кумтөрдүн" улутташтырылышы менен Кыргызстанда саясий коррупциянын демонтажы башталганын өзгөчө белгилеп өттү. “Кумтөрдүн” элге кайтарылышы – мамлекетибиздеги жаңылануунун башаты, өнүгүүнүн, өзгөрүүнүн алгачкы баскычы.

Иш-чаранын жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров геологияны, кен казуу өнөр жайын жана маданий потенциалды өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, Кумтөр алтын кенин Кыргыз Республикасынын менчигине кайтаруу боюнча ишке түздөн-түз катышкандыгы үчүн, ошондой эле “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун 30 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Ошондо III даражадагы “Манас” ордени менен

- Кыргыз Республикасынын юстиция министри Баетов Аяз Батыркулович;

“Даңк” медалы менен:

- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги Гильфанов Ильдар Вазифович;

- “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич сыйланды.

“Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наам “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун туруктуу өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Ибраев Марат Айылчиевичке ыйгарылды.

“Кыргыз Республикасынын геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун өндүрүш боюнча вице-президенти Турдукожоев Кубанычбек Асанбековичке ыйгарылды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:

- “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун өндүрүш участогунун начальниги Айтакунов Сагалы Ногойбаевич;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын экс-депутаты Алтыбаева Айнуру Тойчиевна;

- “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун жеңил транспортту оңдоочу устаканасынын автомобилдерди оңдоо боюнча слесары Алчинов Улан Догдурбаевич;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын экс-депутаты Арзыбаев Ныязбек Ирашевич;

- “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун щелочтон тазалоо участогунун улук аппаратчиги Асанакунова Айнур Саламатовна;

- “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун бургулоо-жардыруу иштери боюнча бургулоо орнотмосунун машинисти Асиев Мирбек Асанбекович;

- “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун вице-президенти Долматов Дмитрий Анатольевич;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын экс-депутаты Дюшалиев Абдыбек Кашымбекович;

- “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун геологиялык чалгындоо бөлүмүнүн геологу Зубрицкая Надежда Петровна;

- пенсионер Кебекбаев Сабыралы Тойчуевич ;

- “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун инженердик-геологиялык бөлүмүнүн менеджери Кекиликов Темирбек Качкынбекович;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин бөлүмүнүн башчысы Кутубаев Замирбек Райымкулович;


- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын жардамчысы Сабырбеков Алмазбек Амангелдиевич;


- “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун карьерди суусуздандыруу жана кургатуу кызматынын устасы Садыков Кеңешбек Кадырович;


- “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу боюнча вахта автомобилинин айдоочусу Турдубеков Марат Ажибаевич;


- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын экс-депутаты Шарапов Закир Эшматович;


- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын экс-депутаты Эсенаманов Замирбек Садыбакасович.