Бишкек шаарынын негизги жолдору кеңейтилет. Бул тууралуу калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров журналисттерге берген маегинде билдирди.
Абдыкадыровдун айтымында, Бишкектеги алты көчө эмки жылдан тарта кеңейтиле баштайт.
“Чүй проспектиси, “Фучик, Жибек-Жолу, Ахунбаев, Байтик Баатыр көчөлөрүндөгү латокторду алып, анын ордуна трубаларды жаткырып, ошонун эсебинен жолдорду кеңейткени турабыз”, – деди Абдыкадыров.
Калаа жетекчиси иштер шаардыктардын талап, суранычтарынын негизинде жасалып жатканын кошумчалады.