Жаңылыктар
Бишкекте коомдук транспортто накталай төлөм 25 сом болот
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте коомдук транспортто накталай төлөм 25 сом болот

Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспортто накталай төлөмдү 25 сомго көтөрүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэринин орун басары Максатбек Сазыкулов “Кабар” агенттигине билдирди.

Ал мындай сунуш жол кирени көтөрүү боюнча токтомдун долбоорунда камтылганын айтып, бул кадам коомдук транспортто жол кирени төлөө акысын толугу менен электрондоштуруу максатын көздөрүн белгиледи.

“Карта албайм, накталай төлөйм деген жарандарга жаңы тариф киргизели деп жатабыз. Мунун баасы 25 сом болот”, – деди Сазыкулов.

Учурда накталай эмес төлөмдү колдонгондордун саны 150 миңге чыкты. Эгер мэрия дифференциялдык тарифти киргизсе, карта алгандардын саны дагы өсөөрү белгиленди.