Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Төө-Ашуу ашуусунун аймагына байкоочу аянтча курууну тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Төө-Ашуу ашуусунун аймагына байкоочу аянтча курууну тапшырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Төө-Ашуу ашуусундагы К. Көлбаев атындагы тоннелдин абалы менен таанышты.Таанышуу учурунда МинКаб Төрагасы Транспорт жана коммуникациялар министрлигине бир катар тапшырмаларды берди, анын ичинде бул ашуудан өткөн айдоочулар жана туристтер үчүн тийиштүү шарттарды жана эс алуу жайларын түзүү. Мындан тышкары, анын туристтик потенциалын жакшыртуу максатында Министрлер Кабинетинин Төрагасы ашуунун аймагында туристтер жана республиканын тургундары үчүн байкоочу аянтчасын курууну тапшырды.