Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Бишкек-Ош жолундагы кар көчкүгө каршы тоннелди ачты
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Бишкек-Ош жолундагы кар көчкүгө каршы тоннелди ачты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымындагы кар көчкүгө каршы тоннелдин ачылышына катышты. МинКаб Төрагасы белгилегендей, бул жол өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирет жана республиканын негизги “кан тамырынын” бири болуп саналат.

“Бул жол күн сайын кышында дагы, жайында дагы жүз миңдеген айдоочуларды тейлейт жана ошол эле учурда кар көчкү коркунучу бар. Жапон өкмөтүнүн жана JICA агенттигинин жардамы менен биз жабык жол тоннелин кура алдык, бул кар көчкү учурунда унаалардын токтоп калуусуна жол бербөөгө жана айдоочулардын коопсуз өтүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Тоннелди республиканын уникалдуу курулуштарынын катарына ишенимдүү түрдө кошууга болот. Ал жапон технологиясы менен монолит бетондон курулуп, жолдун туурасы 30 метрге кеңетилген.  Кыргыз-япон достугунун урматына аталган тоннел көп жылдар бою кызмат кылат деп ишенем”, - деген Акылбек Жапаров Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчисинин атынан Япония өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.Белгилей кетсек, узундугу 460 метр болгон тоннелдин курулушу 2019-жылдын май айында башталып, жалпы долбоордук сметалык баасы 39,2 миллион АКШ долларын түзүп, учурда объекттин курулушу толук бүткөрүлгөн.