Жаңылыктар
Бишкекте төрт Үй-бүлөлүк медицина борборундабалдар бөлүмү ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте төрт Үй-бүлөлүк медицина борборундабалдар бөлүмү ачылды

Бүгүн, 2023-жылдын 18-октябрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы №7 үй-бүлөлүк медицина борборундагы балдар амбулаториялык бөлүмүнүн ачылыш аземине катышты.


Жаңы ачылган балдар бөлүмүндө педиатрлардан тышкары ЛОР, невропатолог, окулист сыяктуу дарыгерлер бейтаптарды кабыл ала башташты.

Министр эне менен баланын ден соолугу КР Саламаттык сактоо министрлигинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экенин, ал эми педиатриялык бөлүмдөрдүн ачылышы мамлекеттин балдардын ден соолугуна болгон камкордугунун көрсөткүчү экенин баса белгиледи. Бишкек шаарынын балдар калкын өз убагында, сапаттуу жана квалификациялуу медициналык жардам менен камсыздоо максатында Бишкек шаарынын төрт районунда ҮМБнын алдында балдардын амбулаториялык бөлүмдөрүн уюштуруу чечими кабыл алынды. 

«Республика боюнча бизде 2,5 миллионго жакын бала бар, алардын көбү ички миграцияны эске алганда борбордо жашашат. Жыл сайын КРВИ жана сасык тумоо маалында Шаардык балдар ооруканасына жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кезек күтүүлөр катталып, кайрылгандардын басымдуу бөлүгүн амбулатордук дарыланууга муктаж болгондор түзөт. Жаңы балдардын амбулаториялык бөлүмдөрүнүн ачылышы биринчиден, ооруканалардын жүгүн азайтып, кезек күтүүнү азайтат, алардын ишин жакшыртат. Жаш балдар амбулаториялары зарыл жабдуулар жана тажрыйбалуу кызматкерлер менен камтылган.

 Педиатриялык бөлүмдөрдүн оңой жете турган жерде болушу ата-энелердин жашоосун жеңилдетип, балдарына тез арада медициналык жардам алууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, өз учурунда медициналык кызматтарды алуу оорулардын алдын алууга жана көйгөйлөрдү эрте аныктоого жардам берет. Жакынкы арада республиканын башка аймактарында да ушундай эле балдар кабылдамаларын ачуу пландалууда», - деди Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Маалымат үчүн:

Бишкек шаарында 4 балдар амбулаториясы уюштурулган: №7 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалында: Киев көч., 154; № 1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалында Фучик көч., 13; №4 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалында, Бөкөнбаев көч., 61; № 6 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалында, Тыныстанова көч., 1.

Суроолор боюнча ҮМБнын жетекчилерине кайрылсаңыздар болот.

• Тенизбаева Асель Тенизбаевна, №6 ҮМБнын директору, Октябрь району. Тел.: +996 555 928 392;

• Касымалиева Айнагул Касымалиевна, № 4 ҮМБнын директору, Свердлов району. Тел.: +996 555 951 459;

• Чарабаева Дамира Алтынбековна, №7 ҮМБнын директору, Биринчи Май району. Тел.: +996 550 151 528;

• Сатаев Чоро Болотбекович, Ленин району, №1 ҮМБнын директору. Тел.: +996 772 667 319.