Жаңылыктар
Ботаникалык бакты жаңылоо аяктоо алдында
Кыргызстан жаңылыктары
Ботаникалык бакты жаңылоо аяктоо алдында

Ордо калаадагы ботаникалык бакты тазалап, калыбына келтирүү иштери аягына чыгып калды. Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен реконструкцияланып жаткан Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бактын Горький көчөсүндөгү филиалы учурда толугу менен тазаланып, эс алууга зарыл шарттар түзүлүүдө.