Жаңылыктар
Акылбек Жапаров “АгроТехЭкспо2023” республикалык агроөнөр жай көргөзмөсүнө барды
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров  “АгроТехЭкспо2023” республикалык агроөнөр жай көргөзмөсүнө барды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек шаарында өтүп жаткан “АгроТехЭкспо2023” республикалык агроөнөр жай көргөзмөсүнө барды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы көргөзмөгө коюлган продукциялар менен таанышып чыгып, көргөзмө фермерлердин кесиптик тажрыйба алмашуусунун негизги аянтчасы болуп саналаарын жана айрым ишканалар жана бүтүндөй айыл чарба тармагы экономиканын өсүшүнө салым кошуп жатканын белгиледи.

Белгилей кетсек, көргөзмө борбор калаанын Т. Усубалиев атындагы эски аянтынын так ортосунда 15 000 чарчы метрден ашуун аянтында өтүп жатат. Анда айыл чарба техникасынын акыркы үлгүлөрү, кайра иштетүү өнөр жайынын жабдуулары, жаңы инновациялык технологиялар, үрөн сорттору, жер семирткичтердин түрлөрү, ветеринардык препараттар, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, агрохимикаттар, асыл тукум мал жана башка айыл чарба продукциялары көрсөтүлгөн.