Жаңылыктар
“Кыргыз темир жолу”: муз аянтчада жыл бою муз тебүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
“Кыргыз темир жолу”: муз аянтчада жыл бою муз тебүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү

2023-жылдын  18-октябрында «Локомотив» спорттук ден соолукту чыңдоочу комплексинде муз аянтчасынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

“Кыргыз темир жолу” УК” МИнин башкы инженери Роман Спасский  белгилегендей, муз аянтча жаңы заманбап жабдыктар менен жабдылып, жыл бою ачык болот.

“Локомотив” муз аянтчасынын техникалык заманбап жабдыктары жаңыланып, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Буга чейин 2022-жылдын декабрь айында ачылып, беш ай иштеген. Быйыл муз аянтчасы эки ай эрте ачылды, эми мындан ары кардарлардын суроо-талабына жараша, аянтчада жыл бою муз тебүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү”, - деди ал.

Муз үстүндө жалпы аянты 1122 кв.м. түзөт, бир эле учурда 150 адамды батыра алат, 850дөн ашык орундукту камтыйт. Спорт комплексинин негизги милдети – темир жол кызматкерлеринин гана эмес, бардык каалоочу жарандардын эс алуусун уюштуруу жана сергек жашоого колдоо көрсөтүү саналат.

Аянтчанын ачылышына “Кыргыз темир жолу” УК” МИнин жетекчилиги, балдар жана ата-энелер катышты. Иш-чара концерттик номерлер менен коштолуп, “Локомотив” хоккей тобу муз аянтчасында өзүнүн өнөрлөрүн көрсөтүштү. Учурда балдар жана чоңдор үчүн көркөм муз тебүү, хоккей, футбол, бий жана башка секциялар ачык.

Дареги: Бишкек шаары, Осмонов көч., 1

Байланыш тел. 0312-92-74-00, 0508 444 822, 0555 444 822