Жаңылыктар
Турдакун Усубалиевдин айкели ачылды
Маданият
Турдакун Усубалиевдин айкели ачылды

Мамлекеттик ишмерлер аллеясында көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин айкели ачылды. 

Иш-чарага Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Алимбеков баштаган депутаттар, маркумдун жакындары, замандаштары катышты. 

Эли үчүн жасаган опол тоодой эмгегин эстеп айта жүрүү тирүүлөрдүн парзы. Иш чарада сүйлөгөндөр чейрек кылым бою Кыргызстандын жетекчиси болуп эмгектенген Турдакун Усубалиев элине, мамлекетине ак кызмат өтөгөнүн белгилеп, асыл иштерди аткарган инсандын өмүрү келечек муунга өрнөк экенин айтты. 

Ири улуттук долбоордун катарында Фрунзе азыркы Бишкекти мрамор шаарга айлантууга аракет көрүлгөн. Усубалиевдин жетекчилиги менен борбордук “Ала-Тоо” аянты, филармония, өкмөт үйу, опера жана балет, драма театры, тарых музейи, илимдер академиясы, улуттук китепкана, “Айчүрөк” дүр-дүйнө дүкөнү сыяктуу мекемелердин баары салынган. 

Иштин көзүн билген Усубалиевдин даана жана так программаларынын натыйжасында өлкө ар тараптуу өрүш алып, эбегейсиз зор долбоорлор ишке ашканы белгилүү. Учурунда ал баштап кеткен ири долбоорлордун пайдасы азыр Кыргызстан үчүн иштеп жатат. Улуу инсан,бөтөндөрдөн өзгөчө көсөм, билги, аракетчил, мээнеткеч жана эрктүү сапаттары менен айырмаланчу. 

Иш -чарага келгендер эстеликке гүл коюп, Турдакун Усубалиевдин ысымы тарыхта аты алтын тамгалар менен жазылып калаарын айтышты.