Жаңылыктар
ТИМ: Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө барбай тургула!
Кыргызстан жаңылыктары
ТИМ: Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө барбай тургула!

Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгышта аскердик-саясий абалдын туруксуздугуна жана палестина-израиль жаңжалынын андан ары курчушуна байланыштуу Кыргызстандын жарандарына Ливандан чыгып кетүүнү жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө баруудан баш тартууну сунуштайт. 

Министрлик Израилде жүргөн Кыргызстандын жарандарын азыркы учурда каттап жаткан туруктуу каттамдар менен барган өлкөнүн чегинен тышкары чыгып кетүүгө чакырат. Ошол эле учурда күтүлбөгөн кырдаалдарда шашылыш суроолор жаралса, министрликтин Консулдук департаментине кайрылууну эскертет.