Жаңылыктар
Бишкекте №104 орто мектептин курулушу уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте №104 орто мектептин курулушу уланууда

Бишкектеги 10-кичи райондо курулуп жаткан №104-жаңы мектептин курулушу улантылууда. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда курулуш объектилерине пресс-тур өттү. 

Учурда эскиздик долбоордун негизинде имараттын капиталдык ремонту, футбол, волейбол, баскетбол, воркаут, балдар ойноочу аянтчаны орнотуу, аймакты көрктөндүрүү, унаа токтотуучу жайды куруу иштери жүргүзүлүүдө. Орто мектеп 1020 орунга ылайыкталган. Имараттын жалпы аянты 8000 чарчы метрди түзөт.