Жаңылыктар
Оштогу окуу жайда чакан ГЭС курулуп пайдаланууга берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Оштогу окуу жайда чакан ГЭС курулуп пайдаланууга берилди

Ош технологиялык университетинде күндүн энергиясын пайдалануучу станция жана чакан ГЭС курулуп пайдаланууга берилди. Андан 4-4,5 кВт электр энергиясын алууга болот. 

Чакан ГЭС окуу корпустарын электр тогу менен камсыздап жатат. Бул энергиянын кайра жаралуучу булактардан алуу ыкмаларын өркүндөтүү максатында ишке ашырылган долбоор. Аны менен катар студенттердин билим алуусунда окуу-лабораториялык базаны чыңдоого негиз болот. Университет, "Кыргыз унаа курулуш" ишканасынын демөөрчүлүгүнүн астында кичи ГЭСти окуу жайдын жанындагы каналга куруп, пайдаланууга берди. Керектүү жабдыктар Ош шаарындагы ушул эле "Кыргыз унаа курулуш" ишканасында өндүрүлгөн. Ал эми ГЭС эки айда курулган. Баштапкы кубаттуулугу 4 киловаттка чейин электр энергиясын берип, иштетилип баштады.