Жаңылыктар
Акылбек Жапаров кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кытайлык «China North Industries Group Corporation Limited» компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өнөр жай өндүрүшүн, геологияны жана геологиялык чалгындоону өнүктүрүү маселелерин, ишмердүүлүктүн ар кандай чөйрөлөрүндөгү кызматташуунун багыттарын талкуулашты.

 Минкаб төрагасы эки тараптуу мамилелерди күчөтүүгө жана мындан аркы кызматташтыкты бекемдөөгө даярдыгын билдирди. Өз кезегинде өкүлдөр компания тарабынан көрсөтүлүп жаткан кызматтардын географиясы жөнүндө айтып беришти, анын ичинде болжолдуу кызматташуу үчүн эң пайдалуу тармактарды белгилешти. Жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн максималдуу күч-аракетин жумшоону шартташты.