Жаңылыктар
"Социалдык келишимдин" суммасын 200 миң сомго жеткирүү каралууда
Кыргызстан жаңылыктары
"Социалдык келишимдин" суммасын 200 миң сомго жеткирүү каралууда

"Социалдык келишим" долбоору менен берилчү каражаттын суммасын 200 миң сомго жеткирүү каралууда. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаев парламентте билдирди. 

Министр бул долбоорго быйыл 1 миллиард сом бөлүнгөнүн, ал эми кийинки жылга 2,1 миллиард сом каралганын белгиледи. Белгилесек, учурда долбоордун катышуучуларына 100 миң сомдон берилип жатат.