Жаңылыктар
Камсыздандырган кам санабайт
Кыргызстан жаңылыктары
Камсыздандырган кам санабайт

«КМШга мүчө өлкөлөрдүн камсыздандыруу боюнча актуалдуу темалары”. Мындай форум “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өттү. Иш-чарага Орусия, Казакстан, Беларусь, Армения, Тажикстан жана Кыргызстандын камсыздандыруучу компанияларынын өкүлдөрү катышты. 

Форумду өткөрүү демилгеси ушул эле жылы Алматы шаарындагы шериктеш мамлекеттердин камсыздандыруу органдарынын 9-жыйынында көтөрүлгөн. 

Бүгүнкү форумга шериктеш мамлекеттердин камсыздандыруучу компанияларынын өкүлдөрү чогулган. Күн тартибиндеги негизги маселе - камсыздандыруу жана аны өнүктүрүү жолдору. 

Кыргызстанда камсыздандыруу системасы эми гана өнүгүп келатат. Өлкөдө 19 камсыздандыруучу компания иштейт, анын бирөөсүндө мамлекеттин үлүшү бар. Ыктыярдуу камсыздандыруунун 100 түрү болсо, анын алтоосу милдеттүү камсыздандырууга кирет.

Учурда мамлекеттик каржылык чалгындоо кызматы камсыздандыруунун жаңы түрлөрүн киргизип жатышат. Экспорт, мамлекеттик объекттердин курулушу, айыл-чарба продукциялары, экспортко жөнөтүлүүчү товарлар жана эмгек мигранттарын да камсыздандыруу маселелери каралууда.