Жаңылыктар
“Бала Манасчы” айкели расмий ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
“Бала Манасчы” айкели расмий ачылды

Президентибиз Садыр Жапаров таанышып кеткен Берлиндин борборундагы “Бала Манасчы” айкелинин расмий ачылышы болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 28-сентябрда, Германия Федеративдүү Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Берлин шаарынын борборундагы Кыргызстандын Элчилигинин аймагында орнотулган “Бала Манасчы” айкели менен таанышкан.

Кыргыз Республикасынын Германиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаевдин демилгеси менен айкелди элибиздин сыймыктуу кызы Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, Казакстандын "Достук" орденинин ээси белгилүү бедизчи Тамила Маматова жасаган.

“Бала Манасчы” кыргыз элинин улуттук жүзүн туюнтат. Ал элибиздин тарыхы менен көөнө маданиятын, улуттук баалуулуктарын чагылдырган кыргыздын салттуу кийимин кийип, башында ак калпагы бар. 10-12 жаштагы жигиттин жашы кыргыз элинин жаштыгын, эртеңин жана рухун билдирет.

Мындан тышкары, анын QR-код менен тактасы бар. Башкача айтканда, ар бир каалоочу атайын программанын жардамында айкел жөнүндө кеңири маалымат алып, ошондой эле “Манас” эпосунан үзүндү уга алат.

 “Бала Манасчы” келбети элибиздин эркиндигин, энергиясын жана күчүн чагылдырып турат. Бул айкел улуттук символ катары Кыргызстандын тарыхын, байыртадан бери келе жаткан маданий мурастарын жана каада-салттарын сактап, кийинки мурастарга өткөрүп берүү максатын туюндурат.

Салтанаттуу иш-чарага ТҮРКСОЙ уюмунун Башкы катчысы Султан Раев, КРдин Франциядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү Садык Шернияз, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Эмиль Токтошев, Мирлан Самыйкожо, коомдук ишмер, Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, журналист, эпосту кара сөз менен айтып жаткан Шайырбек Абдырахман уулу, театрыбыздын манасчысы , Гиннестин рекордсмени, КР Эмгек сиңирген артисти Рысбай Исаков, улуттук "Манас" театрынын директору Азиз Биймырза уулу жана Европанын туш тарабынан келген боордошторубуз катышты.

Айкел демөөрчүлөрдүн салымы менен орнотулган.