Жаңылыктар
Бал экспорту көбөйдү
Экономика
Бал экспорту көбөйдү

Кыргызстан быйыл балдын экспортун көбөйттү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Январь айынан августка чейин 223 тонна бал дээрлик 900 миң долларга сатылып, жалпы 16 мамлекетке экспорттолгон. Алардын ичинен беш ири сатып алуучу өлкө Кытай Азербайжан, АКШ, Кувейт жана БАЭ. Өткөн жылы ушул эле убакыт аралыгында 132,1 миң тонна бал сатылган. Быйылкы жылдын ири сатып алуучулары БАЭни эске албаганда Кытай 1,9 тоннадан 89,8 тоннага жетип сатып алууну кыйла жогорулатты.