“Автоураган” аппараттык-программалык комплекси жыл соңуна чейин Кыргызстандын бардык облустарында иштей баштайт. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. Жыл соңуна чейин аталган кызмат 20 “Автоураган” аппараттык-программалык комплексин алат. Анын экөө Чүй менен Ош облустарына берилди. Калгандары этап-этабы менен жеткирилет. Буга чейин мындай аппараттык-программалык комплексти рейддик иш-чаралардын алкагында гана региондорго алып барышчу. Бул жакшы натыйжаларды берип, издөөдө жүргөн унаалар табылып, коомчулук тарабынан жакшы бааланганы белгиленди.