Жаңылыктар
Өлкөгө дүйнөлүк ири компаниялар инвестиция салат
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөгө дүйнөлүк ири компаниялар инвестиция салат

Бүгүн Кыргызстан инвестиция тартуу үчүн бардык шарттарды түзүүгө умтулат. Өлкө гидроэнергетиканы, туризмди, айыл чарбасын жана IT технологияларды өнүктүрүү үчүн чоң потенциалга ээ. Инвесторлор үчүн аптанын ар бир күнү, күндүн ар бир саатында эшик ачык. Кыргызстан Чыгыш менен Батыштын ортосунда жайгашкандыктан, республика өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн регионалдык аянтча катары кызмат кылууга даяр.

Азыр бүткүл дүйнө, анын ичинде Кыргызстан дагы экономикалык турбуленттүүлүктүн, геосаясий тобокелдиктердин, климаттык катастрофалардын жана дүйнөлүк рыноктогу туруксуздуктун, глобалдык инфляциянын шартында жашап жатат. Мындай абалда сооданы жөндөп, экономиканы өнүктүрүп, инвестиция тартуунун өзү татаал процесс.

Азыр дүйнөнүн экономикалык борбору батыштан чыгышты көздөй көчүүнүн алдында турат. Мындай шартта Кыргызстан дагы геоэкономикалык процесстердин капшабында калбай, андан пайдаланып калышы керек. Кыргызстанда азыр чет элдик инвесторлордун укуктарын коргоого карата салыштырмалуу либералдуу мыйзам базасы түзүлгөн. Мамлекеттик инвестициялык саясаттын негизги принциптери: республикада инвестициялык климатты жакшыртууга жана ата мекендик, чет өлкөлүк капиталдык салымдарга дем берүүгө багытталган.